Мирлан Самыйкожо жеке адамдардын юбилейин белгилөөнүн ордуна, ошол каражатты татыктуу тасма тартууга коротууну сунуштады
3 сентябрь

Мирлан Самыйкожо жеке адамдардын юбилейин белгилөөнүн ордуна, ошол каражатты татыктуу тасма тартууга коротууну сунуштады

Депутат Мирлан Самыйкожо маданиятка акыркы жылдары көп суммадагы акча бөлүнүп жатканын, бирок алгылыктуу эч кандай иш жасалбаганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал бүгүнкү күндө балдар “Чики Ча-Ча”, “Лабубу” сыяктуу мульфильмдер менен тарбияланып жатканын айтып, кичинекей муунга кыргыздын улуттук тарыхын тааныштырууга убакыт келгенин белгиледи. 

“Улуттун баатырдык духун көтөрө турган “Эр Төштүк” сыяктуу тарыхыбызды мультфильмге айлантып, балдарга көрсөтө турган мезгил келди деп ойлойм. “Эр Төштүк” балдар үчүн маанилүү жана зарыл. Улуттук кинематография кеңешинин биринчи отурумунда “Эр Төштүк” жактырылып, аны тартуу иштерине 173 миллион сом бөлүндү. Бирок дүйнөдөгү башка чыгармалардын тартуу иштерин карап көрсөк, бул сумма өтө аз”, – деди ал. 

Депутаттын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда маданият тармагын өнүктүрүү максатында чоң каражаттар бөлүнүп жатат. Бирок министрлик тараптан эч кандай көзгө көрүнөөрлүк иш аракеттер болбой келет. 

“Оозго алаарлык кино тартылган жок, чоң суммадагы акчалар максатсыз коротулуп жатат. Кинематографиянын берген отчетуна караганда, жеке адамдардын 100, 80 ж.б. жылдыгына 121 миллион сом коротулуптур. Каражаттарды майда-бараттарга корото бербей, элдин рухун тарбиялай турган фильмдер тартылышы маанилүү”, – деди Самыйкожо.