Кыргызстанга 2,2 млн сомдук косметика жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 июль

Кыргызстанга 2,2 млн сомдук косметика жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагына ири көлөмдөгү косметикалык каражаттарды жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, бөгөт коюшту.

Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда косметикалык каражаттар жана ар түрдүү эл керектөөчү товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташылып баратканы аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 2,2 млн сомдон ашат.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, мамлекеттик бюджетке түшүүгө тийиш болгон салык төлөмдөрүн өндүрүү боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.

Салык кызматы өлкө аймагына товарларды алып кирүүдө салык жана бажы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет. Тиешелүү документтерсиз товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.