Эркин Чечейбаев: быйыл Кыргызстанда 30дан ашык жаңы клиниканын курулушу башталган
Кыргызстанда психиатриялык жана психологиялык жардамды калкка жакындатуу максатында аларды баштапкы звеного интеграциялоо жүрүп жатат.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Жаңылыктар кызматына берген маегинде, эми бейтаптар атайын клиникаларга барбастан эле жардам ала алышарын, бул өз кезегинде стигматизацияны азайтып, көйгөйлөрдү эрте аныктоого шарт түзөрүн белгиледи.
«Биз үй-бүлөлүк дарыгер менен катар психиатр, психолог жана патронаждык медайымдан турган мультидисциплинардык топторду түзүп жатабыз. Бул психикалык ооруларды алгачкы баскычтарда аныктоого жана кызматтарды калкка жакындатууга мүмкүнчүлүк берет», – деди министр.
Анын айтымында, өлкө үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.
2025-жылы 30дан ашык жаңы клиника курулушу башталды, бар болгон имараттарда оңдоо иштери жүрүүдө. Бишкекте 5000 орундуу көп тармактуу медициналык шаарчаны куруу пландалууда. Бирок негизги көңүл үй-бүлөлүк медицинага жана региондордо баштапкы жардамга жеткиликтүүлүктү күчөтүүгө бурулууда, анткени калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жерлеринде жашайт.
Министр өзгөчө көңүл бурулган топтордун катарына өспүрүмдөрдү, аялдарды жана жаш энелерди кошту.
«Айылдык саламаттык комитеттери аркылуу жергиликтүү коомчулукту тартып, элди оорулардын алдын алуу жолдоруна үйрөтүп жатабыз. Мектептерде инсультту эрте аныктоо жана зыяндуу адаттарга байланышкан тобокелдик факторлор боюнча программалар ишке ашууда», – деди Чечейбаев.
Ошондой эле өлкөдө психикалык саламаттыкты колдоо үчүн санариптик куралдар киргизилүүдө. Алардын ичинде кош бойлуу аялдар үчүн мобилдик тиркеме бар. Ал тамактанууну көзөмөлдөөгө, оорулардын алгачкы белгилерин жана психикалык абалды байкоого, тынчсыздануу жана невроздорду өз убагында аныктоого жардам берет.
Бул чаралар медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырууга, менталдык оорулардын алдын алууга жана калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган.
