Баткенде аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөт
3 сентябрь

Баткенде аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөт

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов аткезчиликке каршы күрөш боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы мал аткезчилигине бөгөт коюу боюнча аткарылып жаткан иш аракеттер натыйжасыз болуп, тийиштүү жетекчилер, жүктөлгөн милдеттерди жеткиликтүү деңгээлде аткара албай жаткандыгын сындады.

-Чек ара, бажы, ветеринардык кызмат, ички иштер органдары, жергиликтүү бийлик жана башка бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну;

-Сырттан мал ташыган жарандардын ишмердүүлүгүнө дыкат анализ жүргүзүүнү;

-Аткезчилик менен алектенген жарандарга көмөк көрсөткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин аныктоо боюнча натыйжалуу иш алып барууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Айбек Шаменов өткөн жумада аткезчиликке каршы күрөшүү максатында уюшулган Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Развилка жана Сүлүктү шаарындагы Кольцо постторунун ишмердүүлүгүн жеринде көрүп, мал жандыктарын алып сатуу менен алектенген жарандар менен да жолугуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Облус башчысы мындай иш аракет бардык мамлекеттик кызматтарда уланууга тийиш деп белгилеп, жетекчилерден өз ишине жоопкерчиликтүү болуу менен, аткезчиликке каршы күрөштө конкреттүү жыйынтык көрсөтүүсүн талап кылды.