Алмазбек Акматалиев парламенттин таркатылышынын негизги аргументин атады
26 сентябрь

Алмазбек Акматалиев парламенттин таркатылышынын негизги аргументин атады

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы толугу менен Президенттин администрациясына баш ийип калган. Мындай пикирин КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын экс-ректору, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына жазды. 

“Жогорку Кеңештин таркоосу боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул факт эмнени тастыктады? Жашырганда эмне, Жогорку Кеңеш толугу менен, 90-95 пайыз Президенттин админстрациясына баш ийип калган”, – деп белгиледи.

Аны менен катар экс-ректор 7-чакырылыштын ишмердүүлүгүнө “жакшы” деген баа берген: 

“Президенттин, Өкмөттүн өнүгүүгө багытталган бүт мыйзамдарын, демилгелерин колдоп беришти. Ушундан улам Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыркы 4 жылда жигердүү өнүгүүсүнө өзүнүн чоң салымын кошту”.

Андан ары Акматалиев “эгер Жогорку Кеңеш президенттин командасына эч бир көйгөй алып келбесе, алар"макулман" позициясынан чыкпаса, таркатуунун эмне кажети бар эле” деген суроого жооп издеген. 

“Менимче, жаңы Кыргызстан курулуп жатканда жаңы Жогорку Кеңеш керек! Жагабы же жокпу, бирок негизги аргумент ушул! Кыргызстан эгемен мамлекет катары жаңы доорду башынан кечирип жатат! Аны менен кошо жаңы желек, жаңы гимн жаралууда. Кезек жаңы Жогорку Кеңеште. Эми парламентке жаңы жүздөр келеби? Сөзсүз келишет! Менин божомолум боюнча, 90 депутаттан бери дегенде 75и жаңы ысымдар болот”, – деген ал. 

Алмазбек Акматалиев “маселе "уганчаак" Жогорку Кеңеште эмес, маселе – жаңы жүздөрдө, жаңы демилгелерде жана жаңы иш аракеттерде” экенин кошумчалаган.