Бишкекте жарым жылда 7,8 чакырымдан ашык түтүк реконструкцияланды
Бишкекте өткөн коллегиялык жыйында маалым болгондой, 2025-жылга карата сууну камсыздоо максатында 114,2 млн сомдук иштер аткарылды.
Скважиналарда жана насостук станцияларында электрдик жана насосдук жабдуулардын ремонту жасалып, башка профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
294 метр магистралдык канализациялык жана 7,6 км суугаруучу түтүктөр реконструкцияланды, анын ичинде Куйручук, Ахунбаева, Көк-Жаңгак, Серафимович, Новосибирский жана Оренбург көчөлөрүндө басымдуу суугаруучу түтүк курулушу бүттү.
«Башкара-Суу» суу алуучу жайын кеңейтүү үчүн республикалык бюджеттен 148,3 млн сом жумшалды, үнөмдөлгөн 4,6 млн сом видеобайкоо орнотууга багытталды.
Бишкек шаарынын түштүк аймагын таза суу менен камсыздоо жана «Орто-Алыш» суу алуучу жайын бөлүштүрүүнү жеңилдетүү максатында «Зоналык резервуарлардын аймагында жергиликтүү суутоптомону уюштуруу» долбоору менен локалдуу суу алуучу жайды уюштуруу иштери жасалууда.
«ХБО» суу алуучу жайын модернизациялоо боюнча бир скважина (260 м) бүткөрүлүп, экинчи үчүн даярдык көрүлүүдө. Экинчи көтөрүүчү насос станциясы жана коргоо имараты курулуп, монтаж иштер башталды. 113,1 млн сомдун ичинен 28,21 млн сом өздөштүрүлдү.
Административдик-аймактык реформанын алкагында 60 айыл аймагы текшерилип, 373 км суу түтүктөрү жана 101 км канализация түтүктөрү аныкталып, 65 суу алгыч, 76 скважина жана 4 канализациялык насостук станциялар аныкталган.
Коомдогу чыңалууну басаңдатуу максатында Орок, Лебединовка, Новопавловка жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүндөгү суу жана канализация тармактарын тейлөөнү «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы өзүнө алды.
