Бишкекте жарым жылда 10 миң шам чырак жана 10 пандус орнотулду
Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия жыйыны өттү.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы иштерге токтолду.
Тышкы жарыктандыруу тармагында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 548 шам чырак алмаштырылды, 149,8 км өзүн-өзү обочолонткон өткөргүч салынып, 10 343 жарык диоддуу шам чырак орнотулду жана алмаштырылды, алардын ичинен капиталдык курулуш боюнча – 3 422 жарыктандыруу түйүнү жана 587 түркүк орнотулду.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын тейлөө ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатуу максатында 2025-жылдын март айында лифтёрлордун ордуна электромеханиктерди киргизүү менен оптимизациялоо иштери жүргүзүлдү. 124 лифттин ичинен 62 лифт боюнча тендердик жол-жоболор жүргүзүлүп, келишимге кол коюлду.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында маданият, саламаттык сактоо жана социалдык мекемелерге – филармонияга, опера жана балет театрына, музейлерге, китепканаларга жана балдар мекемелерине – 10 пандус орнотулду.
