Бишкекте өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземине 10 миңден ашуун адам катышты
16 декабрь

Бишкекте өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземине 10 миңден ашуун адам катышты

Кечээ Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу салтанаттуу аземи өтүп, ага шаар тургундары жана борбор калаанын конокторунан 10 миңден ашуун адам катышты.

Иш-чара учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын 1000ден ашуун кызматкери тартылды. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, майрамдык иш-чара өтүп жаткан аймакта коомдук тартипти камсыз кылышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө алты жашы жете элек баланын жоголгондугу катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана оперативдүү аракеттеринин натыйжасында бардык балдар кыска убакыттын ичинде табылып, аман-эсен ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Жалпысынан майрамдык иш-чара тынч жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталган жок.