Жыргалбек Медетканов курулуш министринин орун басары болуп дайындалды
Курулуш министрлиги
8 сентябрь

Жыргалбек Медетканов курулуш министринин орун басары болуп дайындалды

Жыргалбек Медетканов курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жыргалбек Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматын аркалап келген. Анын курулуш тармагындагы эмгек жолу 2008-жылы инженер адиси болуп башталган.

Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басарынын кызматын Талантбек Иманакун уулу аркалап келген. Тиешелүү чечимге ылайык, ал аталган кызматтан бошотулду.