Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолу бир тараптуу ачылды
www
12 июль

Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолу бир тараптуу ачылды

Бүгүн, 12-июлда Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 232-чакырымында сел жүрдү. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Учурда жолду тазалоо жана каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.