Сталбек Абдылда уулу: “Азиз” базарындагылар өрттү алгач өз алдынча өчүрүүгө аракет кылып, качан күчөп кеткенде гана бизге кабар беришкен
16 декабрь

Сталбек Абдылда уулу: “Азиз” базарындагылар өрттү алгач өз алдынча өчүрүүгө аракет кылып, качан күчөп кеткенде гана бизге кабар беришкен

15-декабрда эрте менен “Азиз” базарында өрт чыккан, бул боюнча кабар Өрт өчүрүү кызматына саат 08.58де жеткен. Бул тууралуу ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Сталбек Абдылда уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

“Саат 12.50гө карата өрт толугу менен өчүрүлдү. Биздин кызматкерлер жерине барганда тилсиз жоо болжол менен 400-500 чарчы метрди курчаган. Дүйшөмбү күн – базарларда санитардык күн болуп саналгандыктан, бир дагы соодагер жумуш ордунда болгон эмес. Азырынча өрттүн келип чыгышын электр зымдарынын кыска туташуусуна байланыштырып жатабыз, бул боюнча дагы иликтөө иштери жүргүзүлөт”, – деди ал.

Сталбек Абдылда уулунун айтымында, өрттү өчүрүүгө жалпысынан 8 негизги өрт өчүрүүчү автоунаалар тартылган. Базардын администрациясы алгач өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракеттенип, качан күчөп кеткенде гана 101 номерине чалып, кабар беришкен.

“Өрттүн кесепетинен жабыркаган же каза болгон адамдар жок. Бирок материалдык чыгаша болду. Болжол менен 17 соода контейнерлеринин товарлары жабыркады. Чарбалык буюмдар дүкөндөрү болгондуктан, ал жактагы дезодоранттар абдан бат күйөт. Бир дүкөндө 40 тонналык контейнердин ичинде шашлык бышыруучу көмүр бар экен, дагы жакшы өрт ага жете электе биз өчүрүп үлгүрүп калдык. Болбосо, чыгаша мындан да көп болмок. Базардын администрациясы өрттү алгач өзү өчүрмөкчү болуп, бирок алы жетпей калганда гана бизге чалышыптыр. Биз жарандарга кайрылат элек: өрт башталса, биринчи 101, 112 байланыш номерлерине кабарлашыңыздар. Өрт күчөп кеткенден кийин өчүрүш кыйын болуп калат”, – деди.

Ал буга чейин “Азиз” базарында өрткө каршы атайын тактикалык машыгуулар өткөнүн, ага ылайык, тиешелүү сунуштамалар берилгенин, алтурмак аталган базардагы өрт коопсуздугун сактабаган жагдайлар үчүн 23 миң сом айыппул салынганын кошумчалады.