Ысык-Көл облусунда 76 чакырым эскирген 0,4 кВ зымдар реконструкцияланат
7 июль

Ысык-Көл облусунда 76 чакырым эскирген 0,4 кВ зымдар реконструкцияланат

Анын катарында кардарларга сапаттуу электр энергиясын берүү максатында Ысык-Көл облусунда эскирген электр зымдарын реконструкциялоо иштери улантылууда.

Реконструкциянын алкагында жалпысынан облус боюнча 2025-жылга 76 чакырым СИП зымдарын орнотуу иштери пландалган. 2025-жылдын 6 айында 11,9 чакырым 0,4 кВ эскирген алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылды.

Анын ичинен:

  • Каракол РЭТи -10,1 чакырым
  • Чолпон-Ата РЭТи -10,7 чакырым
  • Балыкчы РЭТи – 9,1 чакырым
  • Тоң РЭТи - 10,2 чакырым
  • Ак-Суу РЭТи - 10,9 чакырым
  • Жети-Өгүз РЭТи -11,6 чакырым
  • Түп РЭТи -13,6 чакырым СИП зымдарын орнотуу пландалган.

Учурда төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • Каракол РЭТи – 2,4 км
  • Чолпон-Ата РЭТи – 3,2 км
  • Балыкчы РЭТи – 1,8 км
  • Жети-Өгүз РЭТи – 2,4 км
  • Түп РЭТи – 2,1 км.

Калган 65,9 чакырым СИП зымдары 2025-жылдын октябрь айына чейин орнотулат.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусу боюнча 1960-70 жылдары орнотулуп, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып бүтүп, авариялык абалда турган 305 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.