Жогорку Кеңеште хиджабды улуттук кийим катары кабыл алуу боюнча демилге көтөрүлүшү мүмкүн
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
24 июль

Жогорку Кеңеште хиджабды улуттук кийим катары кабыл алуу боюнча демилге көтөрүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңеште хиджабды улуттук кийим катары кабыл алуу боюнча демилге көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу «7-канал» өз булактарына таянып билдирди.

Телеканалдын маалыматына ылайык, айрым депутаттар бул маселени жайкы эс алуудан кийин парламенттин иши жанданганда талкууга алып чыгууну көздөп жатышат.

Демилгени колдогондордун жүйөлөрүнүн бири катары кыргыз аялдары илгертеден эле жоолук салынып келгенин, алардын пикиринде, ал азыркы хижабга окшош экенин белгилешүүдө.

Азырынча бул демилге мыйзам долбоору же расмий сунуш катары жол-жоболоштурулабы жана депутаттардын колдоосуна ээ болобу — белгисиз.

Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулар хижабды кыргыз элинин улуттук кийиминин бир бөлүгү катары кароого болобу же аны диний салтка гана таандык көрүнүш деп эсептөө керекпи деген маселеде түрдүү пикирлерди билдиришүүдө.

Кыргызстанда хижаб, никаб сыяктуу диний кийимдерди кийүү маселеси буга чейин да коомдук талкуулардын предмети болуп келген. Парламентте улуттук маданиятты сактоо жана билим берүү менен мамлекеттик мекемелердеги кийим-кече талаптарын жөнгө салуу маселелери да бир нече жолу көтөрүлгөн.

Бул мүмкүн болгон демилге боюнча азырынча Жогорку Кеңештен жана Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгынан расмий комментарий бериле элек.