Россиянын элчиси Сергей Вакунов иш сапары менен Токмок шаарына барды
26 сентябрь

Россиянын элчиси Сергей Вакунов иш сапары менен Токмок шаарына барды

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов иш сапары менен Токмок шаарына барды.

Иш сапардын алкагында элчи шаардын мэри Алтынбек Эргешов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду талкуулады.

Андан соң делегация «Борбор Азия Хаб» индустриалдык паркын куруу үчүн мэрия тарабынан бөлүнгөн жер менен таанышты.

Программа №13 Т.Сатылганов атындагы орто мектепте компьютердик класстын салтанаттуу ачылышы менен аяктады. Жаңы лаборатория Россиянын «Центральная Азия Капитал» фондунун жана Россия элчилигинин колдоосу менен жабдылды.