Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт
Иллюстрациялык сүрөт
9 сентябрь

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эске алыңыз

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
  • Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.