Кыргызстанда Элдик курултайга даярдык иштери башталды
26 сентябрь

Кыргызстанда Элдик курултайга даярдык иштери башталды

Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында, Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү. 

Уюштуруу комитети жыйында 2025-жылдын 22-декабрына дайындалган Элдик курултайды жогорку деңгээлдеги өткөрүү боюнча күн тартибиндеги  маселелерди карап, Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү  боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы бекитилди. 

Жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.