Жээнбек Кулубаев АӨИЧКнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты
Нью-Йорк шаарында 25-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесинин (АӨИЧК) тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Азербайжан Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн иш-чаранын алкагында АӨИЧКнын күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланып, Кеңешмени мындан ары институционалдык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.
Кыргыз делегациясынын башчысы Ж.Кулубаев өз сөзүндө АӨИЧКны учурдагы глобалдык трансформациялар жана чакырыктар шартында көп тараптуу диалог жана кызматташтык үчүн маанилүү аянтча катары белгилеп, Кыргыз Республикасынын өз ара урматтоо, ишеним жана жамааттык коопсуздук принциптерине берилгендигин ырастады.
Кыргыз Республикасы жогоруда белгиленген документтерди консенсус негизинде колдоп, АӨИЧКга мүчө мамлекеттер ортосунда туруктуу жана ишенимдүү мамилелерди мындан ары да чыңдоого активдүү катышууга даяр экендигин тастыктады.
