ИИМ: “Антикино” ыкчам-алдын алуу иш-чаралары улантылууда
11 ноябрь

ИИМ: “Антикино” ыкчам-алдын алуу иш-чаралары улантылууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республика аймагында баңгизаттарды колдонуу жана жайылтуунун алдын алуу максатында “Антикино” аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери республикадагы ири шаарлар менен райондук борборлордо жайгашкан “Антикино”, “Караоке”, “Компьютердик клуб” сыяктуу эс алуу жана көңүл ачуучу жайларда кезектеги текшерүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам бузууларды аныктоо, баңгизаттарды колдонуу жана жайылтууга катыштыгы бар жарандарды табуу, ошондой эле жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлүүдө.

Ички иштер министрлиги коомчулукту мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөштө жигердүү болууга чакырат жана мындай алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантыларын билдирет.