Төрага Марлен Маматалиев: “Мындай иш сапарлар өлкөнүн башка аймактарында да уланат”
6-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусуна иш сапары менен барды.
Төрага болуп шайлангандан кийинки алгачкы иш сапарын Таластан баштаган Марлен Маматалиев бир катар социалдык мекемелердин абалынан кабар алып, жергиликтүү эл менен да жолугушууга жетишти.
Алгач Төрага «Манас Ордо» комплексине зыярат кылып, андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты.
Андан соң Талды-Булак айылындагы асыл тукум жылкы заводунда болуп, анда иштегендердин суроо-талаптарын укту. Тагыраагы заводдун кызматкерлери айлык маянаны көтөрүүгө жана чарбанын ишин жакшыртууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Ошондой эле Төрага Манас районундагы Талас айылында жайгашкан №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан да кабар алып, авариялык абалдагы медициналык жайды жаңылоо тапшырмасын берди. Муну менен катар оорукананын тиш дарылоо бөлмөсүнө керектүү техникалык жабдууларды өзүнүн резервдик фондунан алып берерин убада кылды.
Мындан тышкары, жергиликтүү маданий жайдын абалы менен да таанышкан Төрага 1985-жылы курулган имаратты текшерүүдөн өткөрүүнү тиешелүү мекеме жетекчилерине табыштады. Эгер жарактуу болсо оңдоп, жараксыз болсо жаңыртуу талабын койду.
Ушундай эле көрүнүш Семетей айылында да бар. Тагыраагы 1958-жылы курулган жергиликтүү маданият үйү жараксыз абалга кептелип, көп жылдан бери чечилбей келген. Марлен Маматалиев аталган маданий жайды да жаңыртуу тапшырмасын берип, анын ордуна көп функционалдуу борбор куруу керектигин кошумчалады.
Иш сапар Айтматов районунда улантылып, Төрага Кызыл-Адыр айылындагы Кургак учук ооруканасынын имараты менен да таанышты.
Жергиликтүү жетекчилер жаңы ооруканага муктаждык чоң экенин жана дарыгерлердин жетишсиздиги курч болуп жатканын белгилешип, Төрагадан аталган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Белгилүү болгондой, Талас облусу боюнча учурда 170 дарыгер жетишпейт, иштегендердин арасында деле пенсиялык курактагы адистер өтө көп.
Төрага айтылган маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, тиешелүү жетекчилерге оорукананы жаңылоо боюнча тийиштүү иштерди алып барууну тапшырды.
Иш сапар тургундар менен өткөн жолугушуу менен жыйынтыкталды. Суроо-жооп иретинде өткөн баарлашууда бир катар социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлүп, калк тарабынан мектеп, бала бакча, оорукана, жол, таза суу жана сугат суу өңдүү маселелерге байланышкан талаптар айтылды.
Тиешелүү жетекчилер айтылган ар бир маселе боюнча суроолорго жооп беришти.
Ал эми Төрага Марлен Маматалиев көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилишин депутаттар көзөмөлдөп турарын билдирип, ар бир айтылган талап көңүл сыртында калбай тургандыгын баса белгиледи.
Ошону менен катар Кыргызстандын бардык аймагын кыдырып, эл менен ушундай жолугушууларды уюштурууну мерчемдеп жатканын айткан Төрага:
“Иш сапарды коштоп министрликтердин жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү да келип олтурат. Булар менен бирге бүгүн эле көп маселени чечип, бир катар социалдык мекемелерди жаңылоо боюнча тапшырмаларды бердик. Буйруса мындай иш сапарларды башка облустарда да өткөрөбүз”, – деп кошумчалады.
