Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 25-сентябрда болжол менен саат 07:20да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Таш-Кыя айылында 2 баллга чейин сезилген (Таш-Кыя айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышта, Кадамжай айылынан 8 чакырым түндүктө, Кызыл-Кыя шаарынан 38 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 80 чакырым түндүк-чыгышта).
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
