Ат-Башы райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу башталды 
Жогорку сот
8 сентябрь

Ат-Башы райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу башталды 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 8-сентябрда жаңы административдик сот имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров, Ат-Башы райондук сотунун төрагасы Улан Шерипов, судьялар, сот тутумунун кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек Сатыев Ат-Башы районунда жаңы сот имаратынын курулушунун башталышы сот тутумунун өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Ат-Башы районунда курула турган жаңы административдик имаратта судьялардын, сот аппаратынын кызматкерлеринин жана сот тутумуна тиешелүү башка кызматтардын иш алып баруусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат. Ошондой эле сотко кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Медербек Сатыев соттун иши заманбап инфраструктура менен гана чектелбестен, эң биринчи кезекте судьялардын кесипкөйлүгүнө, калыстыгына жана мыйзамдуулук принциптерине бекем карманышына байланыштуу экенин белгиледи.

Ат-Башы райондук сотунун жаңы имараты сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун заманбап талаптарына жооп берген шарттарды түзүүгө, сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн сапаттуу сот кызматтарын камсыз кылууга багытталган.