Бишкектин батыш бөлүгүндө жаңы сквер пайда болот. Эскиздик долбоору иштелип чыкты
Курулуш министрлиги
19 июнь

Бишкектин батыш бөлүгүндө жаңы сквер пайда болот. Эскиздик долбоору иштелип чыкты

Бишкектин батыш бөлүгүндө, тактап айтканда, Ю. Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан скверди көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоорлоо жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 1,3 га түзөт.

Долбоордун негизги максаты - шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, коопсуз, функционалдык жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндигин түзүү, ошондой эле аймактын архитектуралык-ландшафттык сапатын жогорулатуу.

Сквердин аймагы төмөнкү функционалдык жайларга бөлүнгөн:

• эс алуу жайы (отургучтар, көлөкө чатырлар);

• балдар ойноочу аянтча;

• воркаут (спорттук) жайы;

• амфитеатр;

• жөө жүрүү жана велосипед жолдору;

• унаа токтотуучу аймак.

Аймакта учурдагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып калат. Кошумча түрдө жергиликтүү климатка ылайык келген жаңы бак-дарактардын жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрү отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 064 м² түзөт.

Скверде эки түрдүү жарыктандыруу шаймандары, эки типтеги отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар каралган. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде жайгаштырылды.