Башкы прокуратура
30 март
Ак-Суу районунда 75 млн сомдук социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды
Ак-Суу районунда социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик жөнүндө мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1993-жылы 2 га жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы жалпы 0,51 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
