
Ташиев УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берди
Атайын кызматтын кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык-адеп-ахлактык рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, анын алкагында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлдү.
"Мыйзамдуулукту сактоо максатында мамкомитеттин төрагасы кеңешме өткөрүп, анда УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берип, Мамкомитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды", - деп айтылат маалыматта.