Бишкекте темир торлор калыбына келтирилди
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаары боюнча ачык темир торлорду (ЛПР) жабуу иштерин жүргүзүүдө.
Мэриядан кабарлашкандай, ишкананын бригадалары төмөнкү даректерге темир торлорун орнотушту:
- Миңбулак кыска көчөсү, 17;
- Щербаков көчөсү, 158;
- Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Бөкөнбаев жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жаманбаев жана Кудайбергенов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жунусалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Алтымышев жана Красная көчөлөрүнүн кесилиши ж. б.
Тилекке каршы, тордун айрым бөлүктөрү бир нече жолу уурдалган, бул кошумча чыгымдарды алып келет жана жол коопсуздугуна коркунуч жаратат.
