Өзгөндө сот отурумунун катышуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, эки адам ооруканага түштү
Өзгөндө сот отурумунун катышуучуларынын арасында мушташ чыккан. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде Өзгөн РИИБге 1983-жылы туулган С.Б., жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денелеринен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 2026-жылдын 22-апрелде Өзгөн райондук сотунун имаратынын короосунда соттук отурумга катышууга келген тарапташтардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен.
Натыйжада 1983-жылы туулган С.Б., жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денесинен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылган.
Учурда бул окуяга катышкан жарандар жана бул фактыга тиешеси бар делген 1989-жылы туулган А.С. тергөө кызматына жеткирилди.
Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
