Кыргызстанда 2,7 миллион эмдөө картасы катталган
«Иммундаштыруу» маалымат системасы республика боюнча жүргүзүлгөн бардык эмдөөлөрдүн эсебин жүргүзөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
- Эмдөө алган жарандардын саны: 1,3 млн.
- Катталган эмдөө карталарынын саны: 2,7 млн.
- Системаны колдонуучулардын саны: Республика боюнча 3000ден ашык.
Система «Тундук» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили» жана «Эмдөө сертификаты» кызматтары менен интеграцияланган.
