Ошто 451 даана норка терисин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
11 ноябрь

Ошто 451 даана норка терисин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

КР Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. 

МСКдан кабарлашкандай, Ош шаарынын аэропортунда Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда  тийиштүү коштомо документтери жок 451 даана (47 килограмм) норка териси табылган.

Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.