
Кыргызстанда жаш геологдордун мектеби өттү
Жаш геологдордун жайкы талаа мектеби патриоттуулукка, туулган жерди сүйүүгө, Кыргызстандын жаратылышына, кен байлыктарына аяр мамиле жасоого тарбиялоо максатында өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Жаш геологдордун мектебинин башкы максаты - өсүп келе жаткан муундардын кен казуучу кесиптерге болгон кызыгуусун арттыруу болгон.
Талаа мектебинин жүрүшүндө катышуучулар минералдарды жана тоо тектерин аныктоону, геологиялык кесилиштерди чийүүнү жана тоо компасы менен иштөөнү үйрөнүштү. Минерология жана палеонтология боюнча пайдалуу теориялык жана практикалык билимдерди алышты.
Иш-чараны "Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси, "Жаш Геолог", Борбор Азиядагы Америка университети, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, аймак таануу жана туризм борбору, Кыргыз геологиялык кызматы.