Акылбек Жапаров Азия Илимдер Академиясынын ардактуу академиги болду
Канатбек Азиз социалдык тармактарда 2025-жылдын 20–22-ноябрында Кытайдын Гонконг шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал Азия илимдер академиясынын (AAS) академиги жана вице-президенти болуп шайланганын билдирди.
Анын айтымында, Азия илимдер академиясынын президенти болуп Кытайдын эң жогорку категориядагы улуттук таланты, академик жана West Lake Friendship Award сыйлыгынын лауреаты Эльчин Халилов шайланган.
Академиянын жетекчилик курамына ошондой эле Кытай, Россия, Пакистан, Грузия, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандан келген өкүлдөр кирген.
Мындан тышкары, Канатбек Азиз мурдагы КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Үсөнбекович Жапаров Азия илимдер академиясынын ардактуу академиги болуп шайланып, Академиянын жогорку курамына киргенин өзгөчө белгиледи.
Анын айтымында, бул окуя Акылбек Жапаровдун тажрыйбасы жана илимди өнүктүрүүгө көрсөткөн көңүл буруусу эл аралык деңгээлде таанылганын билдирет.
