
Соцфонддун башчысы: Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине жеңилдиктерди берүүгө даярбыз
Үстүбүздөгү жылдан тарта Мамлекеттик салык кызматы өзгөчө баланы багуу сыяктуу иш-аракеттерге патентти жокко чыгарды, бирок камсыздандыруу полиси сакталып калды.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен төлөм алып, жеке ассистенттердин ар бири Социалдык фондго 1 123 сомдон которот.
"Караван-Инфо" редакциясы Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге кайрылып, ата-энелерди ашыкча түйшүктөн арылтып, аталган каражатты ведомстволор ортосунда – Эмгек министрлигинин эсебинен Соцфонддун эсебине которуп койсо болбойбу деген суроо узатты. Анткени ар дайыма эле, айрыкча айыл жергесинде интернет байланышы боло бербейт жана жана аны өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы мүмкүн. Айрыкча өзгөчө баласы бар үй-бүлө жеке ассистенттин жана майыптыгы боюнча жөлөкпулдун акысына жашаганды эске алганда.
"Эгерде Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги аларга эмгек акысын төлөп берип жатса, анда алар иш берүүчү катары социалдык төлөмдөргө жооп беришет.
Социалдык фонд өз кезегинде бул маселени министрлик жана майыптыгы бар балдардын ата-энелери менен жолугуп, талкуулоого даяр. Биз аларга жеңилдиктерди берүүгө даярбыз", - деп жооп берди Бахтияр Алиев.