
Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 миллион долларлык медициналык жабдуулар берилет
Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрь айынын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди.
Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында ОШКО 5 млн долларлык 14 аталыштагы медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу. Мындан тышкары, министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 633,5 м2 болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот.