«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда жактырылды
Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Жыйында баяндама жасаган тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев белгилегендей, биринчи мыйзам долбоору Мамлекеттик протоколдун негизги жоболорун регламенттөөчү мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунда бир катар боштуктар четтетилип, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлдерде, анын ичинде улуттук каада-салттарды жана маданиятты, ат менен коштоп жүрүүчүлөрдүн жана этно-баатырлардын катышуусун эске алуу менен иш-чараларды өткөрүү тууралуу жоболор такталды жана актуалдаштырылды.
Ал эми экинчи мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, институттук потенциалын бекемдөө жана мамлекеттин тышкы саясий ишинин заманбап талаптарына шайкештигин камсыз кылуу болуп саналат.
