президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү
4 август
Кочкор районунда бир эле учурда 21 жаңы объекттин курулушу жүрүүдө
Кочкор районунда бир эле учурда 21 жаңы объекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, алардын ичинде жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык маанидеги объекттер бар.
Мындан сырткары, райондун борборундагы «Сейил» эс алуу багы баш болгон 8 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылып жатат.
Облус башчысынын биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев объекттердин курулушунан кабар алып, бардык иштерди белгиленген талаптарга ылайык жана мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди.
