Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан мамлекетке баасы 41 482 000 сом болгон жер тилкеси кайтарылды
Аныкталгандай, Д.А. атту жаран Чүй районуна караштуу Арал айылынын жанында жайгашкан, жайыт катары пайдаланууга тийиш болгон аянты 2,44 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп, аны көп жылдык өсүмдүктөргө арналган жер категориясына мыйзамсыз өткөрүп алган. Ошондой эле ал жерге өз алдынча шагыл-кум аралашмасын иштетүүчү майдалоо жабдуусун орнотуп, иштетип келген. Бул аракеттер жерлердин максаттуу пайдаланылышына жана экологиялык мыйзамдардын талаптарына каршы келет.
«Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын жана Жер жана суу көзөмөлү кызматынын адистеринин катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, жалпы аянты 0,41 гектар болгон жердин бузулушу аныкталып, келтирилген зыяндын суммасы 1 118 424 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча 2025-жылдын 26-сентябрында прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 307-беренеси (Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кийин 212-2-беренеге (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга келтирүү) кайра квалификацияланып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Чүй облусунун ИИББсына өткөрүлүп берилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Д.А. өз ыктыяры менен аянты 2,44 гектар, баасы 41 482 000 сом болгон жер тилкесин мамлекетке кайтарып, аны Чүй айыл аймагынын балансына өткөрүп берген жана келтирилген зыянды толук көлөмдө – 1 118 424 сом өлчөмүндө – төлөп берген.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
