7 млн калкка 464 мамлекеттик жактоочу. КРда акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү кеңейтүү каралууда
Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова мыйзам долбоору менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешесинин деңгээлине карабастан акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлө турган жарандык иштердин категорияларын кеңейтүү сунушталып жатканын белгиледи. Никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, бала менен мамиле түзүүнүн тартибин аныктоо, өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу, өзүнүн балдарын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) окутууда багуу жөнүндө доолор боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү сунушталат.
Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев жетим балдарды акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн жарандык иштер категориясына киргизүүнү сунуштады. Ал эми эл өкүлү Кубанычбек Самаков Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү керектигин белгиледи. Андан тышкары, депутат Камила Талиева мамлекеттик адвокаттардын санын тактап, алар калктын санына жараша болушу керектигин кошумчалады. Буга Юстиция министринин орун басары Бахтияр Орозов учурда мамлекеттик адвокаттардын саны 464 экенин маалымдады.
