Чоң-Алай районунда чек арачыларга жаңы кызматтык батирлер берилди
Чоң-Алай районунун Кара-Мык чек ара заставасында бүгүн, 11-ноябрда чек ара кызматкерлерине арналган жаңы кызматтык батирлер расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, кызмат өтөп жаткан жоокерлерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды.
Мурда чек арачылар эскирген жана жашоого ылайыксыз шарттары бар имараттарда жашап келишсе, азыр алардын үй-бүлөлөрү үчүн бардык талаптарга жооп берген, эки кабаттуу, 20 батирден турган заманбап турак жай комплекси курулду. Батирлердин ичинен 18и – бир бөлмөлүү, экөөсү – эки бөлмөлүү.
Комплекстин жер төлөсүндө кызматкерлердин дене даярдыгын чыңдоого арналган спорт зал жайгашкан. Ошондой эле короосунда балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу оюн аянтчасы курулду.
Бул – мамлекет тарабынан чек ара аймактарында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин турмуштук шарттарын жакшыртууга багытталган иш-аракеттердин логикалык уландысы. Чек арачылар өлкөнүн коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттин чегин күнү-түнү коргоп турушат. Дал ушундай жоопкерчиликтүү кызмат аткарган жоокерлердин үй-бүлөлөрү да көңүл бурууга жана колдоого татыктуу.
Кара-Мыктагы кызматтык батирлердин курулушу 2024-жылдын июль айында башталып, 2025-жылдын октябрь айында толук аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Кызмат өтөп жаткан чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү көрсөтүлгөн камкордук үчүн мамлекетке ыраазычылыктарын билдиришип, бул шарттар алардын кызматына дагы да бекем берилгендик менен мамиле кылууга дем берерин айтышты.
