КР ИИМдин өкүлчүлүгү Москвада экстремизм боюнча өткөн эл аралык конференцияга катышты
2 октябрь

КР ИИМдин өкүлчүлүгү Москвада экстремизм боюнча өткөн эл аралык конференцияга катышты

КР ИИМдин Россия Федерациясынын ИИМиндеги өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган, 2024-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү Москва шаарындагы "Президент-Отель" мейманканасынын аянтчасында болуп өткөн экстремизм идеологиясын жайылтуу проблемасы боюнча төртүнчү эл аралык конференцияга катышты.

Конференцияга ишине 44 өлкөнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын - ШКУ, ЖККУ, КМШ АТБ, КМШ БКБП жана Интерпол мүчөлөрү, ошондой эле Россиянын тышкы иштер министрлигинин, Россиянын Коргоо министрлигинин, Россиянын улуттук антитеррористтик комитетинин эксперттери катышышты.

Эл аралык конференциянын жүрүшүндө катышуучулар дүйнө жүзүндөгү экстремисттик көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин изилдешти, бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды карашты. Тараптар конференцияга катышуучу өлкөлөрдүн экстремизм идеологиясынын, өзгөчө жаштар чөйрөсүндө жайылышынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча оң тажрыйбалары менен алмашышты.

Укук тартибин сактоодо жана ар бир мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылууда башкы роль тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдө сакталат, алар өз ишинде жарандык коомдун институттарына, анын ичинде тийиштүү профилдеги коммерциялык эмес жана диний уюмдарга таянууга тийиш деген бирдиктүү пикир иштелип чыкты.

Экстремизмдин пайда болушуна жана жайылышына өбөлгө түзгөн себептерге жана шарттарга, анын ичинде экстремизмдин конкреттүү апологеттерин жана демөөрчүлөрүн айыптаган макулдашылган маалыматтык кампанияларды жүргүзүү жолу менен таасир этүүнүн эл аралык комплекстүү чараларын кечиктирбей кабыл алуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.