Кырдаал көзөмөлдө. Араван жана Ноокатта селдин кесепеттери жоюлууда
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы
4 май

Кырдаал көзөмөлдө. Араван жана Ноокатта селдин кесепеттери жоюлууда

Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда селдин кесепеттери жоюлууда, деп билдирет ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы. 

Эске сала кетсек, 3-майда аталган эки райондо саат 00:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Араван районунун Достук айыл аймагынын Маданият айылынын Ош-3000 көчөсүндө сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн каптаган.

Ноокат районунда да жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары түшүп, айрым тилкелерде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Сел калдыктарын тазалоо иштерине Ноокат райондук №37 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кырдаалды жеринде көзөмөлдөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Э. Мусаев сел жүргөн Араван жана Ноокат райондоруна барып, кооптуу тилкелерди жеринде көрүп чыкты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмалар берилди.