Бишкектеги жаңы ачылган Sky Park Bay паркында кечинде электр жарыгы өчүп калган
2 июнь

Бишкектеги жаңы ачылган Sky Park Bay паркында кечинде электр жарыгы өчүп калган

Бишкекте күн мурун, 1-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда жаңы заманбап Sky Park Baytik оюн-зоок паркынын ачылышы болгон. 

Бирок ошол эле күнү кечинде паркта күтүүсүздөн электр жарыгы өчүп калып, паркта жүргөндөрдү дүрбөлөңгө салган.

Күбөлөр билдиришкендей, ата-энелер караңгыла ойноп жүргөн балдарын издешкен. 

Окуянын күбөлөрү редакцияга жеринде тартылган видеону жөнөтүшкөн.