КР УКМК: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар баңги топтун мүчөсү кармалды
Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүнүн туруктуу каналы аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Тинтүү учурунда баңгизат каражаты (алдын ала маалымат боюнча, гашиш) жана баңгизаттарды сатуудан алынган ири өлчөмдөгү акча каражаты табылып, алынган.
Соттун чечими менен кармалган жаран 2 айга тергөө абагына камакка алынды.
