Бекмурза Ашимов Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды
2 июнь

Бекмурза Ашимов Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Ашимов Бекмурза Маматович Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.