Жумгалда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалып, камакка алынды
Милиция бөлүмүнө Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2023-жылдын октябрь жана ноябрь айларында мал сатып берем деген шылтоо менен жаран анын жалпы наркы 1 510 000 сомду түзгөн 95 баш козусун, 21 баш коюн, 2 баш кунанын, ошондой эле 1 баш уйу менен дагы 3 баш кунанын алып кеткенин билдирген.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, шектүү жалпы сумманын 466 800 сомун гана төлөп берип, калган 1 043 200 сомун ар кандай шылтоолор менен төлөбөй, изин жашырып жүргөн.
Бул факты боюнча Жумгал РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1987-жылы туулган С.З. кармалып, Жумгал РИИБдин Тергөө бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.
