ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтөт
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 10-ноябрда Борбор Азиядагы баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча регионалдык маалыматтык координациялык борборунун директору Махмуд Хамидов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.
Тараптар Борбордун ишмердүүлүгүнүн учурдагы абалын, ишти жакшыртуу жана катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.
Аталган Борбордун статусун жана имиджин бекемдөө маселелерине, ошондой эле баңги коркунучтарына каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган мерчемделип жаткан демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев Махмуд Хамидовду Борбордун директору катары жооптуу жана ардактуу кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, бул дайындоо анын кесипкөйлүгүнүн тастыктай турганын жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымынын татыктуу таанылышы экенин белгиледи.
Министрдин орун басары Кыргыз Республикасы бул борбор менен кызматташууга чоң маани берерин жана аны өз ара кызыктырган бардык багыттарда мындан ары бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.
Ал белгилегендей, ааламдашуу жана трансулуттук кылмыштуулук өсүп жаткан шартта баңги коркунучу XXI кылымдын маанилүү көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Синтетикалык баңги заттарды таратуу жана жаштарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга каршы күрөшүү бирдиктүү күч-аракетти жана макулдашылган ведомстволор аралык координацияны талап кылат.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана жигердүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын тастыкташты.
