Садыр Жапаров юстиция министрин алмаштырды
8 сентябрь

Садыр Жапаров юстиция министрин алмаштырды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Айылчиев Алмаз Асимович Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Айылчиев Алмаз Асимовичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет

Президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, Аяз Баетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотулду.