Сүйүнчү! Ошто 26 жаштагы келин төрт эм төрөдү
Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Ош облустук аймактар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кесарево жолу менен төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
26 жаштагы Ош облусунун Араван районундагы Дөбө-Коргон айыл аймагынын тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу менен ооруканага түшкөн. Бул анын биринчи төрөтү болгон.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын салмагы:
- кыз — 1830 г
- уул — 1815 г
- кыз — 1520 г
- кыз — 1500 г
Ош облустук аймактар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев билдиргендей, учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык.
Аларды ооруканадан чыгаруу 23-мартка пландалууда.
