Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеёв Түркстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
президенттин администрациясы
15 май

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеёв Түркстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту.

Тараптар ынак коңшулаштык, өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлдеги саясий диалогун жана динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, көп пландуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана региондо туруктуу өнүгүүнү, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.