Бишкекте 5–10-ноябрда «Притон» аттуу рейд өткөрүлдү
Бишкекте 5–10-ноябрда «Притон» аттуу рейд өткөрүлдү. Анын алкагында милиция кызматкерлери сауналарды, мейманканаларды жана суткалык батирлерди текшеришти. Натыйжада 41 адепке жат жашоо образын алып барган аял милицияга жеткирилди.
Аларга карата тиешелүү тергөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле мыйзам бузуулар катталган жайлардын ээлери жана администраторлору да чакыртылып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамды сактоо боюнча жазуу түрүндөгү милдеттенмелер алынган.
Жыйынтыгында 12 сойкуга карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
