Бишкекте 35 чакырымдан ашык жаңы кабелдик линиялар тартылды
Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында борбор калаада жаңы кабелдик тармактарды куруу жана эскилерин реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул – энергетикалык инфраструктураны жаңылоодо маанилүү кадам. Учурда 35 чакырымдан ашык заманбап кабелдик линиялар тартылды.
10 кВ линиясын алмаштыруу иштери «Энергетикалык секторду модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Учурда «Мурас» подстанциясынан жаңы кабелдер тартылууда, бул иш чаралар төмөнкүдөй жыйынтыктарды берет:
• техникалык жоготууларды азайтуу,
• тармактардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу,
• энеоргоэффектүүлүктүн заманбап стандартына ылайык, 10 кВ иштөө чыңалуусуна өтүү.
Реконструкция учурунда ишенимдүүлүк жана узак кызмат мөөнөтү менен айырмаланган тигилген полиэтиленден обочолоткучу бар заманбап кабелдер колдонулду.
Модернизациянын алкагында 3×185 мм² жана 3×240 мм² көлөмүндөгү кабелдер төшөлүп, бул керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздоосунун сапатын жана туруктуулугун жогорулатат.
Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) жана Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик секретариаты (SECO) тарабынан каржыланат.
Ал Бишкек шаарында 6/10 кВ чыңалуудагы 80 чакырым кабелдик линияны үч жылдын ичинде реконструкциялоону пландайт.
