Мурдагы башкы прокурор УКМК төрагасынын м.а. болуп дайындалды
www
30 июнь

Мурдагы башкы прокурор УКМК төрагасынын м.а. болуп дайындалды

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. 

Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.